Асан Жанышов эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Ulaan-Baatar Open эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалымдалгандай, спортчу 87 килограммга чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада монголиялык балбанды 8:0 эсебинде, экинчи айлампада индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңген. Чечүүчү беттеште түркиялык балбанды жеңип, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Эске салсак, Асан Жанышов өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону, жаштар арасында Азиянын 2 жолку чемпиону жана жаштар (U-20) арасында Дүйнө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан