Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 30-майда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13... +15, күндүз +22... +24 градус ысыйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10 +15, күндүз +19 ... +24;
Талас жергесинде түнкүсүн +6... +11, күндүз +18... +23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12... +17, күндүз +21... +26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7... +12, күндүз +18 ... +23;
Нарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +17... +22 градус жылуу болот.