Борбордо 1-июнда өтө турган иш-чаралардын тизмеси

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 29-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күнү иш-чаралар саат 10:00дөн 22:00гө чейин болот.

Аянтта уюштурулуучу интерактивдер:

  • аквагримм-зонасы;
  • фотозона-жаркыраган пейзаждар жана өзгөчө куурчактар;
  • пластилинден моделдөө, сүрөт тартуу жана башка боюнча мастер-класс;
  • кызыктуу сынактар, флешмобдор;
  • көбүк шоусу;
  • спорт оюндары;
  • иш-чаранын расмий өнөктөштөрүнөн бонустар (белектер).

Мындан тышкары 30-майдан 8-июнга чейин Бишкек шаарында 10 өлкөнүн, ошондой эле өлкөбүздүн бардык облустарынан келген таланттуулардын катышуусунда бешинчи эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалы өтөт.

Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулардын аткаруулары көрсөтүлүп, саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан