Бишкекте базарлардагы санитардык күн эми айына эки жолу уюштурулат

Бишкек шаарынын базарларындагы санитардык күн эми айына эки жолу уюштурулат. Мындай чечимди калаа бийлиги кабыл алды.

Муниципалитет билдиргендей, ишкерлер жана базарлардын администрациясынын өкүлдөрү Бишкек мэриясына базарлардагы санитардык күндөрдүн графигин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Калаа бийлиги алардын өтүнүчүн карап, канааттандырды.

Жаңы чечимге ылайык, санитардык күндөр айына эки жолу, дүйшөмбү күндөрү өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан