Швейцарияда Альпы тоолорундагы мөңгү урап, айылды басып калды (видео)

Швейцариянын Вале кантонундагы мөңгү урап, Блаттен кыштагынын көп бөлүгүн басып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, андан жабыркагандар катталган жок. Калк эки жума мурда эле алдын ала эвакуацияланган.

Шаршемби күнү түшкө жакын Блаттен айылында Альпы тоолорунун бириндеги Берч мөңгүсү урап түштү. Көчкү айылдын үстүн каптап, Лонза дарыясы топурак менен жабылып калды. Айылдын чоң бөлүгү кыйрады, бирок адамдар жабыркаган жок. Ал эми имараттардан болгону он чактысы жабыркаган эмес”, — деп жазылат кабарда.

Издөө-куткаруу кызматтары дайынсыз болуп жаткан 65 жаштагы кишини издөөнү улантууда. Кыйроодон аймакта 3,1 баллга жеткен жер титирөө да сезилген.

"Үйүн жоготуу – бул коркунучтуу сыноо. Блаттен эли оюмдасыңар", - деп жазган Х тармагына Швейцариянын президенти Карин Келлер-Саттер.

29.05.05
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан