Ушул жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалган. Буга удаа аял мектептеги 20 жылдык салтанатка барып, классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн кызганчаак жолдошунун колунан ажал тапканы айтылууда.
Маркум Айзирек Эралиева тууралуу апасы Салийма Сарыбаева "ПолитКлиника" медиасына айтып берди.
Апасынын айтымында, кызы 18 жашында турмушка чыккан. Артында 5 баласы калды. Маркум мектептеги линейкага гана катышып, башка иш-чараларга барган эмес.
"Салтанатка катышып, кайра кетишти. Үйүнө баргандан кийин эле ушул окуя болду. Мындай болот деп ойлободум эле. Жаңжал көбөйбөсүн деп линейкада балдардын колун кармабастан, жакшынакай болуп отуруп кеткен.
Айла жок, чырактай кызым бул жарыктык менен коштошуп кетип калды. Мыкаачылык менен өлтүрдү. Мылтык менен атып, колдору үзүлүп кетиптир. Эмне кылышты билбейм", - дейт эне.
Ошондой эле ал кызы жолдошу кызганчаак экенин айтканын, бирок жолдошу менен уруш-талаш тууралуу эч бир сөз кылбаганын белгиледи.
"Буга чейин кызым менен күйөөсүнүн ортосунда уруш-талаш болгон эмес. Ал эч нерсе айтпайт эле", - деди Сарыбаева.