Нурлан Мотуев жакында үйлөнгөн 19 жаштагы келинчегине сөйкө саларын айтты (видео)

Коомдук ишмер Нурлан Мотуев Facebook баракчасы аркылуу жакында үйлөнгөн 19 жаштагы келинчегине сөйкө салуу жөрөлгөсү болорун билдирди.

"Кыз узатуу тою да болот. Ал ата-энеси жашаган шаарда кафе же ресторанда өтөт. Биз тарап барып сөйкө салабыз. Андыктан мен таза италиялык алтын сөйкө алып койдум", - деди ал.

Мотуев бөлүшкөн видеодон сырга 94 миң 70 сом турарын көрүүгө болот. Ошондой эле ал келинчегине ал махрга сураган iPhone 16 Pro Max үлгүсүндөгү телефонду да жакын арада алып берерин айтты.

Буга чейин Нурлан Мотуев 19 жаштагы кызга үйлөнгөнүн билдирип, үлпөт той быйыл жай же күз мезгилинде болорун айткан.

30.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан