Бишкекте күндүз коомдук жайда заара кылган кишиге чара көрүлдү (видео)

Бишкекте коомдук жайда заара кылган кишиге чара көрүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Райондук милиция 2 күн мурун, тагыраагы, 28-майда социалдык тармактарда белгисиз адам коомдук жайда заара кылганы тартылган видео тарары менен аны аныктоо иштери жүргөнүн белгиледи.

Натыйжада видеодогу киши 53 жаштагы жаран экени аныкталып, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Ал райондук сотко жеткирилип, ал жактан ага 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Милиция коомдук жайда жүрүм-турум эрежелерин бузган ар бир терс көрүнүштөргө мыйзам чегинде чаралар каралганын эскертти.

30.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан