Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуган эки өспүрүмдүн ортосунда мушташ болгон. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-майда милицияга 14 жаштагы өспүрүм денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
21-май күнү классташтар өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишкени айтылат. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми анын атасы ошол күнү арыз жазуудан баш тартып, бирок кайра 26-майда арыз менен кайрылган.
Облустук милиция учурда окуяга күбөлөр суралып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын белгиледи.