Өзгөн районунда күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынган келинге коргоо ордери берилди. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-майда милицияга Төрт-Көл айыл аймагынын 37 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучу аял кишиге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген.
Ал эми анын 42 жаштагы жолдошу милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган. Териштирүү иштери жүрүп жатканда жабырлануучу арыз жазуудан баш тартып койгон. Бирок кайра кечээ, 29-майда күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазган. Учурда дайындалган экспертизанын корутундусу чыга элек. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.
Ошондой эле облустук милиция 37 жаштагы айым буга чейин 2023-жылдын 31-майында да арыз менен кайрылганын белгиледи.
"Анда ал үйүндө жолдошу оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тынчтык бербей жатканын билдирген. Бирок арыздануучу дайындалган соттук-медициналык экспертизадан өтпөгөндүгүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Коргоо ордери убагында берилген", - деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу менен жолдошунун ортосунда 2 бала бар.