Ооганстандын Гилменд провинциясындагы Бахрамча талаштуу чек ара аймагында Пакистан менен Кабулдун ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Бул тууралуу кечээ, 29-майда Al Arabiya телеканалы маалымдады.
"Пакистан тарапта жаңы чек ара бекеттери курулуп жаткан маалда пакистандык күчтөр менен талибдердин ортосунда кагылышуулар болду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда өлкөлөр ортосундагы чек ара транспорттун бардык түрлөрү үчүн жабык.