Ысык-Көл облусунун Бостери айылында көлдүн жээги мыйзамсыз курулуштардан тазаланып, жаңы курулуштар кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу кечээ, 29-майда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирип, видео бөлүштү.
Орунтаев анда курулуштар боюнча толук маалымат берген эмес, бирок жалпы эс алуучуларга кайрылды.
"Алтын-Кум көл жээги. Талкаламай жок, таштанды таштамай жок. Буюмдарга аяр мамиле жасайлы жана келген коноктор үчүн көрүнүктүү жерге айланталы", - деди ал.
Ал эми видеодон кум жээктеги дүкөн, тамактануучу жайлар алынып, эс алуучуларга шарттар түзүлгөнүн байкоого болот. Ошондой эле сейилдөөгө аллея жасалып, эс алуучуларга отургучтар орнотулган. Мындан тышкары вело жол жана тротуар курулууда.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Ысык-Көлдүн жээгинен 100 метр алыс эмес аралыкта жайгаштырылган мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды алып салуу боюнча тапшырмалар берилген.