Интернетте Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бахтын башына жалаяк кийгизилген видео тарады.
Кадрдан Томас Бах кафеде отурганда артынан келген киши анын башына жалаяк кийгизип, "туулган күнүң менен" деп куттуктаганын көрүүгө болот. Бах таң калып, жалаякты чечүүгө аракет кылат. Бирок тиги киши жаңылып калгандай түр көрсөтүп, жалаякты өзү чечип алып, басып кеткен. Кыязы ал Бахты башка бирөө менен чаташтырып алгандай.