Палестинанын элчиси БУУда Газадагы балдар тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди (видео)

Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Рияд Мансур аталган уюмдун коопсуздук кеңешинин жыйынында Газадагы балдардын өлүмү тууралуу айтып жатып көзүнө жаш алды.

Анын айтымында, карапайым калктын азабын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Мансур дипломаттарга кайрылып, андан ары сөзүн уланта албай: "Менин неберелерим бар... Жагдайды көрүү жөнөкөй адамдардын колунан келбейт", - деп ыйлап жиберди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салып, 1 200дөй израилдикти өлтүрүп, 251 кишини барымтага алышкан. Ушундан улам Израил Газада аскердик операциясын баштаган. Газа бийлигинин маалыматы боюнча, Израилдин операциясы башталгандан бери 54 миңден ашуун палестиналык набыт болду.

30.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан