АКШда мопс тукумундагы ит университет дипломун алды

Интернет жылдызына айланган мопс Doug the Pug Коннектикут штатындагы Нью-Хейвен университетинен "Соттук медицина" адистиги боюнча ардактуу диплом алды. Бул тууралуу америкалык People басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, мопстун ээси Лесли Мосье университет менен социалдык тармактардагы илгерилетүү жаатында кызматташып келет. Жумуш сапарынын биринде ал Doug’ду да жанында ала барган. Мопс студенттер жана кампус менен дароо эле жакын болуп кеткенин байкашкан администрация кызматкерлери, бул байланышты белгилөө үчүн ага атайын "диплом" тапшырууну чечишкен.

Doug the Pug диплом тапшыруу аземине өзүнө ылайыктап тиктирилген мантия жана баш кийим кийип катышкан. Университеттин эң белгилүү программаларынын бири болгон "Соттук медицина" адистиги Doug’дун "ардактуу даражасына" айланды.

"Мен таң калып, абдан сүйүндүм. Doug менен ар дайым жаңы бир нерсеге аралашуу эч качан тажатпайт. Биз ар бир учурга жана ар бир кызыктуу жаңы окуяга ыраазыбыз", - деп билдирди иттин ээси.

Маалымат үчүн: Doug the Pug - дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактарда 15 миллионго жакын катталуучусу бар белгилүү ит-блогер. Ал People’s Choice Awards сыйлыгын эки жолу жеңип алган, "Грэмми" сыйлыгынын акыркы тапшыруу аземине чакырылган жана Doug the Pug - The King of Pop Culture аттуу китеби менен New York Times’тын бестселлерлер тизмесине киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан