
Ош облустук ооруканасынын кире беришиндеги курулуштарды жана соода жайларды алып салуу иштеринин жүрүшүндө саркынды суу түтүктөрүн Увам каналына чыгарып алган коомдук тамактануучу жай жана дарыкана аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы
Жумамидин Сулайманкулов билдирип, видео бөлүштү.
Анын айтымында, буга чейин аталган жайдан чыккан жаман суулар каналга түшүп турган. Учурда ал жерден суу түтүгү үзүлүп, курулушу бузулууда.
"Жерине Ош шаардык санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери чакыртылып, аталган факт боюнча акт түзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жаза колдонулмай болду. Ошондой эле мунун алкагында жанаша жайгашкан башка дагы коомдук тамактануучу жайлар, дүкөндөр жана дарыканалардын саркынды суу түтүктөрү текшерилет", - деп айтылды маалыматта.