27-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял өмүрлүк жолдошунун колунан ажал тапкандыгы айтылган болчу. Анын себеби кызганыч экендиги айтылып, аны жакындары да тастыктап жатышат.
Бул арада маркум Айзирек Эралиеванын таежеси Касиет Сарыбаева сиңдисинин денесинде көк ала тактар бар экендигин "ПолитКлиника" медиасына айтып, эл оозунда айтылып жаткан айрым маалымттар чындыкка дал келбестигин билдирди.
"Ашыкча баспаган кыз. Анын өлүмүнө күйөө бала гана күнөөлүү. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүрүшүнө эмне себеп болду? Мылтык менен бир жолу атпастан, эки жолу эмнеге атат? Аркасы менен эмнеге жыгылат? Баш мээси эмнеге чайкалат? Соттук-медициналык экспертизанын мыйзамдуу чыгышын каалайбыз. Арты жамбашына чейин, эки колу, буттары көк ала так. Бирок атка сүйрөгөн эмес. Экспертиза мындан ары кандай чечим чыгарарын билбейбиз. Адилеттүү чечим чыгарып, шектүүнүн мыйзамдуу камалышына көмөк берүүсүн президент Садыр Жапаровдон жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевден суранып кетем", - деп билдирди маркумдун таежеси.
Сарыбаева сөзүн улай маркум келиндин артында калган 5 баласынын учурдагы абалын айтты. Ал алды студент, аркасы 9-класстын бүтүрүүчүсү болуп калган балдардын психикалык абалы оор экендигин билдирди.
"Сиңдимдин 5 баласына эми ким күйөт? Балдары азыркы учурда стресс абалда. Биринин да абалы жакшы эмес. Балдарынын өспүрүм курагында ушундай окуя болуп жатат. Баары эми эжем менен жездеме гана калды", - деп сөзүн жыйынтыктады.
Ал эми маркумдун апасы Салийма Сарыбаева балдарын күйөө баласынын үйүнө жиберсем, кандай жашоо күтөт деп бушайман болуп жаткандыгын да жашырган эмес.