Бүгүн, 30-майда саат 06:05ке белгиленген "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Бишкектен Москвага учушу керек болгон каттамы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттам техникалык себептерден улам жылдырылган. Учуунун так убактысы азырынча белгисиз. Оңдоо иштери бүтөрү менен учакка отургузуу башталат.
"Аэрофлот" авиакомпаниясы бүгүн оңдоо иштери бүтпөй, учуу эртеңкиге жылдырылышы мүмкүндүгүн билдирген. Каттамга катталган жүргүнчүлөрдү авиакомпания тамак-аш жана мейманкана менен камсыздайт.