"Ислам дини аялзатын кадырлап, коргоп келген". Муфтий Закиров мусулмандарга кайрылуу жасады

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров айымдарды сыйлоо динде бар экенин белгилеп, аялдарга карата жасалып жаткан зомбулуктарды айыптаган билдирүү жасады. Анын кайрылуусун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жарыялады.

"Ардактуу мекендештерим, кымбаттуу бир туугандар! Аялзаты – Аллахтын жаратуудагы өзгөчө керемети. Анын жүрөгүнө боорукерликти, жүзүнө назиктикти, табиятына туруктуулукту бүткүл асыл сапаттары менен кошо берген. Ислам дини аялзатын кадырлап, урматтап, коргоп келген. Ар бир аял – эне, жар, кыз жана эже катары коомдун түпкү тиреги экенин унутпашыбыз керек.

Пайгамбарыбыз "силердин эң жакшыңар – аялдарына жакшы мамиле кылгандарыңар" деп эркектерге аялзатына болгон мамиленин деңгээли менен ыйманын өлчөп берген. Аялзатынын укугу ыйык. Ага болгон кайдыгерлик – бул ыймандын алсыздыгы. Аялга урмат – коомго урмат. Аялга камкордук – үй-бүлөгө тынчтык. Аялга мээрим – келечекке бейпилдик. Ушул жерден ойчул Уинстон Черчилльдин да сөзү эске келет: "Аялды улуу кылган коом – улуу коом болот. Аялды тебелеген эл – өз тагдырын тебелейт". Бул – акыйкат.

Ал эми Куранда: "Аялдар – силердин кийимиңер, силер – алардын кийимиңер" (Бакара 187-аят) деп, эркек менен аял бири-бирин жаап, коргоп, кооздоп туруучу түгөйлөр экени баяндалат. Аялдын жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген эркек – өзүн да тынчсыз кылат. Азыркы заманда аялзатына болгон зомбулук, көңүл коштук, кордоо – бул жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик. Аял – өзүнүн аземин, өзөгүн, өзүн – биз эркектер аркылуу бекем сезет. Эгер биз коргоо милдетибизди унутсак, анда биз эркек эмес, тек гана кара күч болуп калабыз.

Эркектин улуулугу аялга жасаган мамилеси менен билинет. Аялга карата мээримдүү болгон эркек – Жаратканга жакын болот. Аял – эне катары жаннаттын эшигин ачат. Жар катары сенин бейишке болгон себепчиң. Кыз катары сенин жүрөгүңдүн назик күзгүсү. Аларды урматтоо – ибадат. Аларды тебелөө – пастык. Хадисте айтылгандай: "Эненин таман алдында бейиш бар" – деп пайгамбарыбыз бейишке алып баруучу жол аялзаты аркылуу болорун ачык айткан.

Урматтуу эр азаматтар! Үй-бүлө – үммөттүн уюгу. Ал уяны сактоо – силердин жоопкерчилигиңер. Сиздин сөзүңүз, көз карашыңыз, жүрүм-турумуңуз аялдын жүрөгүнө күн болуп тийиши мүмкүн. Же болбосо муздак шамалдай үшүтүп коюшу да мүмкүн. Эркек – дубалды тургузса, аял – анын ичин бейишке айлантат. Эгер дубалды тургузган менен ичин талкалап, эзип турсак – анда бизге бейиш кайда?

Бүгүнкү күн – аялзатына болгон мамилени кайрадан карап чыгуу күнү. Ар бир күйөө жубайына сүйүүнү, ар бир уул энесине кызматты, ар бир ага карындашына коргоону милдет деп билиши керек. Жыйынтыктап айтарым, аял – мээримдин, сабырдын, таза сүйүүнүн жандуу мисалы. Ага урмат көрсөтүү – ыймандын күзгүсү. Ага зулумдук кылуу – жүрөктүн караңгылыгы.

Келгиле, аялзатына болгон көз карашыбызды Курандын нуруна, пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ылайык түзөлү. Үй-бүлөнү мээрим менен, коомду адеп менен, аялзатын урмат менен курчап, Жараткандын ыраазылыгына жетели.
Кудай коомубузга тынчтык, үй-бүлөлөрүбүзгө бекемдик, аялзатына урмат-сый берген эр азаматтардан кылсын" - деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, апта башында, тагыраагы, 27-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалган. Буга удаа аял мектептеги 20 жылдык салтанатка барып, классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн кызганчаак жолдошунун колунан ажал тапканы айтылууда.

Ошондой эле бүгүн, 30-майда Өзгөндө 37 жаштагы аял күйөөсү тарабынан 6 жылдан бери ур-токмокко алынып келе жатканы айтылды. Бул боюнча милиция да маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан