Оштун мэри Токторбаев 20 жылдыкта каза тапкан аялдын жакындарына куран окутуп барды 

Өзгөн районунда 20 жылдык жолугушуудан кийин күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин туулуп өскөн жери Кызыл-Октябрь айылына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев барып, ата-энесине жолукту.

Калаа башкармалыгы мэр куран окуп, көңүл айтканын билдирди. Токторбаев бул каргашалуу окуя жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салганын, эл аялзатына болгон мындай мамилени айыптап жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал маркумдун артында калган балдарын Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатына жайгаштырууга жардам берерин, ал жерде жатакана, тамак-аш, кийим кече менен камсыздоону көзөмөлүнө аларын убадалады.

Эске салсак, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалган. Аял мектептеги 20 жылдык салтанатка барып, классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн жолдошунун колунан ажал тапканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан