Камчыбек Ташиев министр Ниязбеков экөө президенттен тил угушканын айтты (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев ички иштер министри Улан Ниязбеков экөө президент Садыр Жапаровдон жеме угушканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-майда Чолпон-Ата шаарына болгон иш сапарында билдирди.

Атайын кызматтын жетекчисинин айтымында, Садыр Жапаров 3 күн мурун эч кимге айтпастан Ысык-Көлгө барып, суудагы торлордун тазаланышын текшерген.

"Президент былтыр да текшерип чыкты эле, быйыл дагы өзү келип текшерип кетти. Аны көпчүлүгүңөр билбейсиңер. Ал киши "тор өтө көп" экен деп жатат. Керек болсо "жаңы салынган торлорду алдым" деп кейиди. Эгерде биз көлдү сактай албасак, тапшырманы аткара албасак, анда эмне үчүн бул жерде турабыз?" - деди Ташиев.

Ал мындан ары укук коргоо органдарынын, айрыкча экологияны коргоо кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлөрүн айтты.

30.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан