«Элдик Банк» ААК Бишкек эл аралык каржы форумунун (BIFF 2025) расмий өнөктөшү катары чыгып, Кыргызстандын каржы системасын санариптик трансформациялоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча негизги демилгечилердин бири экенин дагы бир ирет тастыктады.
Форум мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, банктардын жана финтех-компаниялардын өкүлдөрүн чогултуп, региондун каржылык экосистемасынын келечеги тууралуу талкуу жүргүздү. Пленардык сессиялар жана панелдик дискуссиялардын алкагында «Элдик Банктын» өкүлдөрү инновациялык чечимдер, кызматтарды санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча эксперттик баяндамалар менен чыгып, банктын стратегиялык багыттарын көрсөтүштү.
«Инновациялар, санариптик трансформация жана туруктуу өнүгүү» аттуу пленардык сессияда эл аралык өнөктөштөр жана көзөмөл органдарынын катышуусунда, «Элдик Банк» ААКнын долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин El.Kalkan киберкоопсуздук долбоорун жана Кыргызстандын Банктар союзу менен биргелешкен Banks.Kalkan долбоорун кеңири тааныштырды.
Мындан тышкары, банктын өкүлдөрү эки атайын панелдик дискуссияга катышышты: «Санариптик трансформация, жеке адамдар жана чакан/орто бизнестер үчүн төлөмдөр» жана «Киберкоопсуздук, фродго каршы аракеттер жана тобокелдиктерди башкаруу».
Банк карталары боюнча операцияларда фродмониторинг жана талаш-тартыштарды жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Сергей Каюк банктын интернет-эквайринг мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация менен чыгып сүйлөдү.
Маалыматтык коопсуздук кызматынын алдыңкы адиси Андрей Желтышев «Элдик Банктын» жеке маалыматтарды коргоо жана кибер туруктуулук жаатындагы ыкмаларын сунуштады.
BIFF 2025 форумуна катышуу «Элдик Банктын» санариптик трансформациядагы лидериндик ролун, ошондой эле финансылык инклюзияны өнүктүрүүгө, инновацияларды киргизүүгө жана Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнү колдоого болгон умтулуусун баса белгиледи.