ЖКда депутаттар Медет Садыркуловдун каза болушу боюнча чечим чыгарган эксперттердин тагдырына кызыгышты

"Ата Мекен" фракциясынын 14-декабрдагы жыйынында “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” КРнын мыйзам долбоору талкууланды. Аталган мыйзам долбоорун Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жактады. Жыйында депутаттар маркум Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча соттук-экспертизада "Садыркулов авто кырсыктан каза болду" деп чечим чыгарып берген эксперттер жаза алган же албагандыгына кызыкты. Буга Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "менин маалыматым боюнча ал 2 эксперт боюнча кылмыш иши козголгон" деп жооп берди. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев "ал кырсыкта унаа кокустуктан күйүп кеткен" деп чечим чыгарган эксперттердин иштөөгө моралдык укугу жок деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан