"Бул жакта жашоо жеңил эмес, бирок ийгиликке жеткен мекендештер да бар" дейт Америкада жашаган Нурадил (маек)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Америкада эмгектенип, окуп жүргөн Нурадил Акышов болмокчу. Ал учурда 25 жашта, Америка өлкөсүндө 3 жылдан бери жашап келет. Биз Нурадил менен маек куруп, ал жактагы жашоо-турмушуна, алдыдагы максаттарына кызыгып көрдүк.

– Нурадил, саламатсыңбы? Алгач Америкага болгон сапарың тууралуу айтып берсең, эмнеден улам ал өлкөнү тандадың?

– Америкага болгон кызыгуум айылда мектепте окуп жүргөндө эле башталган. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, экинчи эжем Америкага 13 жыл мурун келип, ошондон бери ушул жакта эмгектенип келет. Ал учурда мен жаш болчумун, мындай нерселерге көп деле маани берген эмес экенмин. Ал маалда менин максатым Кыргызстанда билим алып, чоң телеканалдардын биринде иштөө болчу. Кыялым орундалып, 17 жашымда УТРКнын Талас шаарындагы бөлүмүндө иштей баштагам. Ал эми 2020-жылы биринчи жолу Дубайга бир тууган агам менен эс алганы барып калдым. Ал жакта жүрүп, чет өлкө кандай болорун, эс алуу деген кандай экенин өз көзүм менен көрдүм. Жаңы техникаларды, акыркы үлгүдөгү унааларды көрүп, чындыгында ошол жактан дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү десем болот. Ошондон кийин “Америка мындан да жакшы болсо керек” деген ой пайда болду. Ошентип дүйнөнү кыдырсам деген максат пайда болуп, Америкага болгон кызыгуум дал ошол сапардан кийин күч алды. Анын үстүнө ал жакта эжем дагы бар болгондуктан анча коркпой, барууга чечим кабыл алдым.

– Баарыбызга маалым болгондой, англис тили эң көп суроо-талапка ээ болгон тилдердин бири. Канча убакыттын ичинде бул тилди өздөштүрдүң жана кандай ыкмаларды колдондуң?

– Чынын айтсам, Америкага келгенге чейин англис тилин жакшы билчү эмесмин. Бишкек шаарында атайын тил курсуна барып даярдангам, бирок бул жакка келгенде жергиликтүү америкалыктардын сүйлөгөнүн түшүнүү абдан кыйын болду. Башында тил билбегендиктен дос табуу, көчөгө чыгуу оңой болгон жок. Бул өлкөнүн эреже-тартибин билбей кыйналган учурлар көп эле болду. Бирок бара-бара өзүмдү мажбурлап, аракет кыла баштадым. Америкалык жаштар менен сүйлөшүүгө умтулдум, англисче кино көрдүм, ырларды уктум. Эң жаккан жери – бул жактагы адамдар сен бир сөздү билбей калсаң, сылыктык менен түшүндүрүп, жардам беришет.

Арадан эки жыл өткөн соң мен АКШда учкуч болууну каалап, окууга тапшырууну пландап жүрдүм. Окууга барып сурасам, англис тили жетиштүү деңгээлде болушу керектигин айтышты. Ошондон кийин бир жылдай атайын колледжде англис тилин үйрөнүп, ошол эле учурда жеткирип берүү, такси кызматтарында иштеп жүрдүм. Азыр болсо тил деңгээлим кыйла жакшырды.

–Азаматсың! Азыркы учурда ал жакта эмнелер менен алексиң? Сага АКШ кандай мүмкүнчүлүктөрдү бере алды?

– Азыр чоң жүк ташуучу унаа (трак) айдап иштеп жатам. Бул ишке киргениме 3-4 ай болду. Учкуч болуу боюнча окууну улантууга акчам жетпей калгандыктан, азырынча иштеп, каражат топтоп жатам. Чынында, көпчүлүк кыргыздар Америкадагы акча табуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгышат, бирок бул жактагы жумуштар өтө эле оор. Ошентсе да иштеген эмгегиңдин акыбети кайтып, тапкан каражатың менен окууга, унаа сатып алууга, үйгө жана башка керектөөлөргө пайдаланып жатканың чоң жетишкендик деп эсептейм.

– Учурда биздин өлкөдө көпчүлүк жаштар Америкага барууну пландап, аракет кылып жатышат. Ал жакка барууда алгач эмнелерге даяр болуу керек?

– Азыр көптөгөн жаштар Америкага барууну кыялданып жатышат, бирок алар тилекке каршы, бул жактагы жашоонун сырткы көрүнүшүнө гана кызыгып калышат. Чындыгында бул жакта билим алууга, өзүн өнүктүрүүгө чексиз мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок тилди билбесең же кесибиң жок болсо, өтө кыйын болот.
Менин кеңешим – кайсы өлкөгө барба, ал жактын тилин, маданиятын жана мыйзамдарын алдын ала үйрөнүп баруу керек. Ошондо өзүңдү эркин сезип, мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга жол ачылат.

– Учурда ал жакта жашап жаткандыктан, ички жашоону жакшы билесиң. Америкадагы жаңы өзгөрүүлөр чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыздарга кандай таасир берүүдө?

– Белгилүү болгондой, жакында эле жаңы президент шайланды. Расмий түрдө мигранттарга терс мамиле жоктой сезилгени менен, айрым учурларда документтер менен байланышкан кыйынчылыктар жаралууда. Айрыкча башпаанек сурап кайрылгандарды кайра артка кайтарып жатышканын өз көзүм менен көрүп жүрөм. Азыр мыйзамдар күчөтүлүп, мыйзамдуулукка талап күчөдү. Ошондой эле тил маселеси да актуалдуу болуп жатат. Анткени азыр англис тилин билүү мурдагыдан да маанилүү.

Ошол эле учурда Америкадагы кыргыздардын абалы жаман эмес деп айтсам болот. Алардын арасында ресторан ачкандар, ири трак компания түптөгөндөр бар. Жалпысынан биздин мекендештер бул жакта жакшы эле жашап, жакшы жетишкендиктерге жетишип жатышат деп ойлойм.

– Менин оюмча, бардык жерде жашоо жеңил эмес, Америкада дагы. Эмнеден улам көпчүлүк чет өлкөлүктөр (биздин жарандардан башка дагы) АКШга барууну тандашат деп ойлойсуң?

– Менимче, адамдар Американын кооздугу үчүн эле келбейт, ар бир өлкөнүн өзүнө жараша кооз жаратылышы, маданияты бар. Америкага көптөр эркиндик үчүн, шарттар үчүн жана келечек үчүн келишет деп ойлойм. Бул өлкө чындап эле эркин жана мүмкүнчүлүгү кең өлкө.
Көптөр балдарынын келечеги үчүн, жакшы билим, жакшы турмуш үчүн келишет. Айрымдар болсо иштеп акча таап, мекенине жардам берүүнү каалашат. Ар кимдин максаты ар башка, бирок эң негизги себеп – бул жердеги мүмкүнчүлүк десем болот. Америка көп нерсеге жетишүү үчүн аянтча түзүп берет.

– Эми сага кайтып келсек, жашоодо дем-күч берип, дайыма алдыга умтулууга түрткү болгон максатың кандай?

– Жакшы суроо болду. Менин эң чоң максаттарымдын бири — учкуч болуу. Учкучтук күбөлүк алып, келечекте өзүмдүн кичинекей учагым болсо деген кыялым бар. Ошол учак менен өзүм жашаган жерди, шаарларды айланып учкум келет.
Анан эң башкы максатым – бактылуу үй-бүлө куруп, ынтымактуу жашоо. Жаштарга кеңешим: эл эмне дейт деп коркпогула, көп кыялдангыла жана ошол кыял үчүн аракет кылгыла. Эгер чын дилден ишенсең жана аракет кылсаң, баары сөзсүз ишке ашат деп ишенем, Кудай буюрса.

Эң сонун! Кыялдарың орундалсын! Кызыктуу маек үчүн чоң рахмат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан