Бүгүн, 30-майда Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан №2 түзөөтүү мекемесинде соттолгон аялдар балдары менен жолугушту. Мындай иш-чара балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулганын Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекемедеги аялдар балдары үчүн концерттик программа даярдашты. Иш-чарага аниматорлор, артисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
"Мындай иш-чаралар аялдардын үй-бүлөнүн маанисин терең түшүнүүгө өбөлгө болуп, өзүн өзгөртүүгө жана жашоого болгон көз карашын кайра карап чыгууга түрткү берет.
Ошондой эле жазасын өтөп жаткан аялдарга жакындары менен кыска жана узак мөөнөттүү жолугушууларга мүмкүнчүлүк берилгенин белгилеп кетүү маанилүү", - деп айтылат анда.