SUPER.KG порталынын бул жолку чыгарылышында актёр Нурбек Асылбеков менен маектештик. Ал к-поп стилинде ырдап, көрүүчүлөрдү таң калтырганын, жеке жашоосу тууралуу сөз кылды.
"Кичинекей кезимден бери ырга, актёрлукка кызыгам. Бирок университетке журналистика тармагына тапшырып калгам. Окуп жүргөндө, 2017-2018-жылдары балдар менен вайн тартып баштаганбыз. Элге жага баштады. Ал учурда орус тилдүү аудиторияга тартчубуз. Кийинчерээк кыргыз тилдүү аудиторияга иштейм деп балдардан бөлүнүп, "Ак-Өргө Ситиге" Кубаныч Курманбеков байкелерге келип иштеп калгам", - дейт ал.
Актёр мырза Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаганын, үй-бүлөсү дагы чыгармачылыкка жакын экенин айтып өттү.
Жандуу аткаруулар коштогон маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.