
Чүй облусунда куткаруучулар Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алып, тоодон түшө албай калган 18 жаштагы кызга жардам беришти.
ӨКМден маалымдашкандай, жерине ӨКМдин Ала-Арча жаратылыш паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылган.
Алар жабырлануучуну тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Андан соң ал туугандарына өткөрүлүп берилген.
Анын абалы туруктуу экени айтылды.