Нигерияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, кеминде 117 каза болду. Бул тууралуу Нигериянын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин (SEMA) өкүлү Ибрагим Ауду Хусайни билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, курман болгон адамдардын саны кескин көбөйүшү мүмкүн. Анткени адамдарды Нигер дарыясы агызып кеткен жана маркумдардын сөөктөрү суу агымынын багыты боюнча терең жерлерден табылууда.
Маалымдалгандай, дагы бир нече адам дайынсыз болуп, 3 миңден ашуун турак жай суу алдында калды.
Издөө-куткаруу иштери дагы эле уланууда.
Буга чейин 115 адам көз жумганы айтылган. Суу ташкыны штатта узакка созулган нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон.