Бүгүн, 31-майда борбор калаада V эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, өлкөнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Венгрия CIOFF'унун президенти, Дүйнөлүк CIOFF'тун балдар фольклордиадасы жана балдар фестивалдары боюнча комиссиясынын төрагасы Йозеф Стигетвари катышты.
"Кадыр-барктуу жана жыл сайын кучагын жайып бараткан «Наристе» эл аралык фестивалы, балдардын жарык жана куттуу майрамына туш келиши жакшы саамалык. Биз балдарыбыздын жаркын келечеги, бакубат жашоосу, өсүп өнүгүүсү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келебиз, анткени балдар өлкөнүн келечеги жана бактысы. «Наристе» фестивалынын программасы өтө кызыктуу жана мазмундуу болот деп ишенем жана фестивалды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылык билдирем!" - деди мэр.
Фестивалга Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия, Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск шаарлары, Тыва жана Татарстандан чыгармачыл жамааттары катышууда.
Ошондой эле фестивалга Кыргызстандын жети облусунан келген эл аралык жана Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышып жатат.
Фестивалдын программасы фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин чыгууларын, мастер-класстар, эл аралык конференцияларды, элдик колдонмо искусство көргөзмөлөрдү, маданий долбоорлордун презентацияларын жана Бишкектин тарыхый-маданий объектилерине экскурсияларды камтыйт.