Кыргызстан менен Египеттин соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Египеттин инвестициялар жана эркин зоналар боюнча башкы башкармалыгынын президенти Хоссам Хейба менен жолугушту. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы Инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү боюнча маселелерди талкуулашты.
Элчи өкмөт тарабынан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга кеңири токтолуп, түрдүү тармактарда келечектүү долбоорлордун алкагында кызматташуу боюнча сунуштарды айтты.
Хейба талкууланган маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан