Бишкекте милиция кызматкери кармалды

Ички иштер министрлиги Бишкекте милиция кызматкери ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн кармалганын кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, милицияга 19 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Свердлов РИИБинин имаратында милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалганын билдирген.

"Арыз ээси билдиргендей, кызматтык кабинетте ага карата күч колдонулуп, жеке текшерүү жүргүзүлүп жатканда ага тиешелүү акча каражаттарын алып коюшкан.

Ошондой эле арыздануучу билдиргендей, аны банк картасынын сыр сөзүн айтууга мажбурлашып, андан кийин акча каражаттары чечилип алынган. Анын айтымында, алынган жалпы сумма болжол менен 45 миң сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын майору 1990-жылы туулган Т.Ж. кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан