
Кыргызстандык спортчулар Өзбекстандын Нукус шаарында кураш спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда 10 медаль
(2 алтын, 1 күмүш, 7 коло) жеңишти. Бул тууралуу 1-июнда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Алтын медалдын ээлери:
- 45 килограмм Альберт Абдыкааров;
- 95 килограмм Элбек Зайнабидинов.
Күмүш медалдын ээси:
- +95 килограмм Апсамат Эрмаматов;
Коло медалдын ээлери:
- 45 килограмм Элбек Исмаилов;
- 65 килограмм Атабек Нишанов;
- 71 килограмм Субан Апсаматов;
- +95 килограмм Нуркен Абдыкапаров;
- 63 килограмм Нурайым Мавлянова;
- 70 килограмм Малика Апсаламова;
- +70 килограмм Жасмин Медербекова.
Курама команда машыктыруучулар Нурбек Кожобеков жана Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.