"Мен – Тянь-Шань" тасмасында Аселдин ролун аткарган Динара Чочунбаева көз жумду

Өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык эксперти, коомдук ишмер Динара Чочунбаева 69 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Динара Чочунбаева 1956-жылы 5-сентябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
1971-жылы көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик бөлүмүн аяктаган. Ошол эле мезгилде Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде тартылган “Мен – Тянь-Шань” тасмасында Аселдин ролун аткарган.
1978-жылы Москва полиграфиялык институтунун басма продукциясын көркөм тариздөө бөлүмүн аяктап, 1978-1979-жылдары “Кыргызстан” басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген. 1980-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Мындан тышкары Чочунбаева билим берүү, маданият, искусство, майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо жаатында ар кандай уюмдарды түзгөн. Ал “Шырдак – кыргыз кийиз килеми” аттуу альбомдун жана бир катар макалалардын автору.
Сыйлыктары:
  • Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жүздөн ашуун буюмдарын дүйнөлүк сапат стандарттарына жеткирип, эл аралык рынокко алып чыккан Динара Чочунбаева “Даңк” ордени менен сыйланган.
  • Сиңирген эмгеги үчүн ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, өлкөнүн эл агартуусунун отличниги” деген ардактуу наамдар берилген.
  • Кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык “Шериктештик жылдызы” сыйлыктарына ээ болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Динара Чочунбаеванын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан