Өлкөдө 1-июнь түштөн кийин жана 2-июнда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Кыргызгидромет кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, бул күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.