Нурлан Насип, Севинч Муминова... Баткенде үч өлкөнүн ырчыларынын катышуусунда концерт өттү 

Баткен шаарынын борбордук стадионунда 31-майда "Ыр майрам" эл аралык фестивалынын алкагында гала-концерт өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдирди.
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстандын жана Тажикстандын белгилүү ырчылары катышты. Алгач саамалыкта үч элдин ынтымагын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.
Иш-чарада президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын орун басары Зайнура Азими сөз сүйлөп, бул иш-чаранын кошуна элдердин өз ара ишенимин жана ынтымагын бекемдөөдө мааниси зор экенин белгилешти.
Гала-концертке белгилүү ырчылар Саламат Садыкова, Роза Аманова, Ырыскелди Осмонкулов, Самара Каримова, Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева, Нурлан Насип, Өзбектандан легендарлуу Ялла тобунун солисти Фаррух Закиров, Севинч Муминова, Тажикстандан Дилноза Каримова, Хасан Камол, Шерози Камол жана башкалар катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан