Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарынын түштүгүндө “Sky Park Baytik” оюн-зоок сейил багынын ачылышы болду. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттөн кабарлашты.
Иш-чарага борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, инвесторлор, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
“Балдарга бактылуу балалык, сапаттуу билим, туура тарбия берүү үчүн бардыгын жасайбыз.
Окууңарда чоң ийгиликтерди каалайбыз, көп китеп окугула, спорт менен машыккыла. Президентибиз да силерди майрамыңар менен куттуктайт! Бүгүн силерге мамлекет башчынын атынан атайын даярдалган белектер тапшырылат”, — деди Касымалиев.
Касымалиев бүгүнкү күндө республика боюнча сейил бактарды жана коомдук жайларды куруу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Өкмөт башчы парктын аймагы менен таанышып чыгып, президенттин атынан балдарга белектерди таратты.
Маалымат үчүн: Долбоорго 1 миллиард сомго жакын жеке инвестиция тартылып, 200 жумушчу орун түзүлдү. Парктын аянты 4,5 гектарды түзөт. Сейил бакта балдар жана чоңдор үчүн 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар. Ал жакка ыңгайлуу кирүү системасы, эс алуу аймактары, санитардык түйүндөр жана фудкорттор бар. Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулат.