Эртең, 2-июнда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Талас жана Баткен жергесинде жаан-чачын жаабайт.
Аймактардагы абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10.. +15, күндүз +26 ... +31;
Талас жергесинде түнкүсүн +8... +13, күндүз +20... +25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10... +15, күндүз +25... +30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7... +12, күндүз +17 ... +22;
Нарында түнкүсүн +4... +9; күндүз +14... +19;
Бишкек шаарында түнкүсүн +13... +15, күндүз +27... +29 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.