Украина менен Орусия делагацияларынын ортосундагы жолугушуу эртең, 2-июнда саат 13:00дө болот. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Түркиянын Тышкы иштер министрлигиндеги ишенимдүү булагына таянып жазды.
"Украина менен Орусия сүйлөшүүлөрү эртең саат 13:00дө Чыраган сарайында пландалууда", - деген өздүк булак басылмага.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектей турганын айткан. Ал эми коргоо министри Рустем Умеров украин делегациясын дагы бир жолу жетектейт.
ЖМКларда орусиялык делегация Стамбулга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн учуп кеткени маалымдалган.