Токмок шаардык милиция кызматкерлери кафенин алдында өспүрүмдөрдү уруп-сабоого катышкан жарандарды кармашты. Бул тууралуу кечээ, 1-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 1-июнь саат 01:10 чамасында болгон. Анда “102” кызматына шаардагы кафелердин биринде белгисиз жарандар официант болуп иштеген балдарды сабап кетишкени айтылды. Жерине барган мидиция кызматкерлери балдардын ата-энелеринен арыз алышып, эки өспүрүм тең дене жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.
Тергөө билдиргендей, жабырлануучулар кафеде официант болуп иштеп жүрүшкөн. Иш-чара бүткөндөн кийин айрым коноктор кафенин аймагында спирт ичимдиктерин ичүүнү улантышкан. Официанттар аларга кафенин аймагын бошотууну айтканда, ортодо жаңжал чыгып, натыйжада өспүрүмдөр сабалган.
Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада 2003-жылы туулган Н.А. жана О.А, алар менен кошо 1992-жылы туулган К.К. кармалды.
Тергөө уланууда.