1-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына 479 учкучсуз учактар менен чабуул койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, алардын катарын 472 Shahed жана ар кандай типтеги учкучсуз учуучу аппараттар, 3 Искандер-М/KN-23 баллистикалык ракетасы, 4 Х-101 жана Искандер-К канаттуу сымал ракеталары толуктайт.
Украинанын аба күчтөрүнүн басма сөз кызматы аба соккусунун негизги багыттары Харьков, Сумы, Житомир, Одесса, Донецк, Днепропетровск жана Запорожье аймактарына болгондугун билдирди. Жалпы аба чабуулу 18 жерде катталган. Куралдардын 385и зыянсыздандырылды.