Өлкө аймагында соңку суткада 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык:
- Бишкек шаарында – 6,
- Ош облусунда – 1,
- Чүй облусунда – 5,
- Жалал-Абад облусунда – 4,
- Баткен облусунда – 2 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.