"Байден 2020-жылы каза болгон". Трамп кызыктай билдирүү таратты

АКШнын президенти Дональд Трамп мурдагы президент Жо Байден жөнүндө кызыктай билдирүү таратты. Мындай билдирүүнү Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында бөлүшкөн.

"Жо Байден жок. Ал 2020-жылы өлгөн. Силер көрүп жаткандар Байдендин клондору. Демократтар анын айырмасын байкашпайт",- деп билдирүү жазган социалдык тармактын llijh аттуу колдонуучусу.

Америкалык лидер бул билдирүүнү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшүп, интернет колдонуучулары үчүн талкуу жараткан.

"Жо Байден шайлоо кампаниясынын учурунда жок болчу. Алар Байденге окшош актёрду анын ордуна коюшту",- деген пикирлер жазылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан