25-27-май күндөрү Стамбулда 13-"Fetih Kupası" эл аралык турнири — салттуу жаа атуу боюнча дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Ага 40тан ашык өлкөдөн 700дөй спортчу катышты.
Салбуурун федерациясынын маалыматы боюнча, Ынтымак Мурадил уулу дүйнөнүн төрт бурчунан келген 250 күчтүү жаачыдан ашып өтүп, алтын медалга ээ болду. Бул Кыргызстандын өкүлдөрүнүн турнирдеги биринчи жеңиши. Буга чейин бир дагы кыргызстандык бул эл аралык мелдештин чемпиону болгон эмес.
Сыйлык тапшыруу аземинде Стамбулда Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлүп, гимни жаңырды.
Ынтымак Мурадил уулу эл аралык класстагы спорт чебери, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын магистранты.