Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Бүгүн, 2-июнда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына 1-2-класстарга балдарды электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Электрондук каттоо 31-августка чейин уланат.

Буга чейин каттоо учурунда техникалык маселелер жаралып жатканы боюнча маалыматтар тараган.

"Экинчи этапта бош орундарга балдарын каттагысы келген ата-энелердин саны өтө көп болуп, баары бир убакта (саат 9:00-11:00 арасында) https://1mektep.edu.gov.kg/ системасына кирип, балдарын каалаган мектебине электрондук каттоого аракет кылгандыктан, системанын иштөөсүндө техникалык маселелер жаралды. Ушул тапта система штаттык режимде иштеп, ата-энелер балдарын мектепке электрондук каттоону өз алдынча жүзөгө ашырып жатышат",- деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, мектепке кабыл алуу боюнча суроолорго Агартуу министрлигинин 110 телефону аркылуу жооп алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан