Дыйкандарга 660 айыл чарба техникасы лизингге берилди

2025-жылдын 5 айында Айыл чарба министрлиги тарабынан жалпы 2 миллиард 400 миллион сомдук 660 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга жеңилдетилген шарттарда берилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул айыл чарба жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө чоң жардам болду.

Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө карата жалпы 20 миллиард 600 миллион сомдук 7728 даана техника дыйкандарга лизинг аркылуу берилди. Бул агрардык сектордогу өндүрүштүн механизацияланышын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.

Дыйкандарга техникалык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү жана лизинг механизмин өнүктүрүү максатында, 2011-жылдан тарта министрликтин демилгеси менен министрлер кабинетинин колдоосу алдында "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизингдик долбоор ишке ашырылып келет.

Аталган долбоорлор аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү жана кайра иштетүү өнөр жайына керектелген жабдуулар жылына 6 пайыз үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан