Бүгүн, 2-июнда Алматы шаарынын Шапагат конушундагы жеке үйдө газ жарылып, бир киши каза болду. Бул тууралуу шаардык Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, 1980-жылы курулган үйдө газ-аба аралашмасы жарылып, бирок өрт чыккан эмес. Үйдүн конструкцияларын демонтаждоо маалында, болжол менен саат 13:55те 1949-жылы туулган жарандын сөөгү табылган.
Жардамга акимият, Республикалык куткаруу кызматы, 109 кызматынан турган ыкчам топ, кинологдор жана медициналык кызматкерлер тартылган. Учурда тергөө иштери жүрүп, ӨКМдин психологдору жабыркагандарга жардам көрсөтүшүүдө.