Чүйдө мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-майда милицияга Кароол-Дөбө айылында чет элдик жаран тиешелүү уруксат кагаздары жок жашап, иштеп жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Анын негизинде 24 жаштагы чет элдик 14-марттан бери Кароол-Дөбө айылындагы жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринде куруучу болуп иштеп жүргөнү аныкталган. Текшерүү маалында анын жанынан жасалма виза табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 36 жаштагы чет элдик жаран аталган коомдо эсепчи болуп иштеп жүрүп, чет элдик жарандарды этникалык кыргыздар катары жумушка тартуу менен мыйзамсыз схема уюштурганы белгилүү болгон.
Ал чет элдиктерге расмий жумушка орношуу жана Кыргызстанда мыйзамдуу жашоо үчүн уруксат кагаздарын алып берүүнү убада кылып, алардын улутуна тиешелүү жалган маалымат камтылган жасалма документтерди даярдап келген. Шектүү жасалма маалыматтарды Тышкы иштер министрлигигинин расмий сайтына киргизип, бир жылдык визаларды даярдаган.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, бул схеманын негизинде 200дөн ашуун чет элдик жаран ушундай визаларды алып, азыркы учурда да иштеп жүрүшөт. Алардын арасында жогорудагы 24 жаштагы жигит да бар", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган 36 жаштагы чет элдик соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.