Польшанын жаңы президентинин кызы интернет жылдызына айланды (видео

Польшанын жаңы шайланган президенти Кароль Навроцкийдин салтанаттуу сөз сүйлөп жатканда коомчулуктун көңүлүн күтүүсүздөн анын кичүү кызы бурду.

Социалдык тармактарда 8 жаштагы Кася Навроцкая тартылган видеолор миллиондогон көрүүлөрдү топтоду. Видеодон жаңы мамлекет башчысы сөз сүйлөп жатканда ата-энесинин жанында турган кызы күлкүлүү кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, президенттин жубайы Марта Наврокка экөөнүн Антоний, Даниэль, Кася аттуу балдары бар.

Эске салсак, кечээ, 1-июнда Кароль Навроцкий президенттик шайлоодо 51 пайыз добуш менен жеңишке жетти.

Польша
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан