Украинанын президенти Владимир Зеленский орус делегациясынын өкүлдөрүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында 2-3 күндүк ок атышпоо сунушу үчүн "акмактар" деп атады.
Ал Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын комментарийлеп жатып, Украина ок атышууну толук токтотууну сунуштап жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, бирок Орусия бул идеяны колдобой, каза болгондордун сөөктөрүн согуш талаасынан чогултуп алуусу үчүн 2-3 күндүк ок атууну токтотууну сунуштаган.
"Менин оюмча, алар "акмактар". Анткени ок атышпоо өлүм болбошу үчүн керек. Алар үчүн бул жөн гана согушта бир аз тыныгуу алуу. Бул 2-3 күндүк оюн. Жөн гана сөз оюну. Анткени согуш талаасында аскерлер өз армиясынын каза болгон жоокерлеринин сөөгүн тез-тез алмаштырып турушат", — деди Зеленский.
Буга чейин орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский Стамбулдагы жолугушууда Москва Киевге фронттун айрым бөлүктөрүндө каза болгондордун сөөгүн чогултуу үчүн 2-3 күнгө ок атышууну токтотууну сунуш кылганын айткан.
Айта кетсек, 2-июнда Түркиянын Стамбул шаарында Орусия менен Украина делегацияларынын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айланпасы болду. Тараптар "6000ге 6000" формуласы боюнча каза болгондордун сөөктөрүн жана оор жарадар болгон жоокерлерди алмашууну макулдашышканы айтылды.