Планетадагы эң акылдуу адамдардын клубу деп аталган Mensa уюму 2 жашар баланы өз катарына кабыл алганы Гиннесстин рекорддор китебинин сайтында жазылган.
Жозеф Харрис-Биртилл уюмдун тарыхындагы эң жаш мүчөсү болуп калды. Клубка талапкердин IQ деңгээли 132 баллдан ашуусу керек. Бала бул босогодон өткөн. Мындай көрсөткүч дүйнө калкынын 2 пайызында гана кездешет.
Жозеф Шотландияда мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Кичинекей генийдин апасы Роуздун айтымында, ал биринчи сөзүн сегиз айында айткан. Азыр 5 тилде 10го чейин, ал эми англис тилинде 100гө чейин алдыга жана артка санай алат. Ал бир жарым жашында биринчи китебин башынан аягына чейин окуган.
"Ал Морзе алфавитин үйрөнүп жатат. Грек алфавитин билет. Азыр Менделеев таблицасына кызыгып жатат" - деген апасы.